«Батир жана унаа». Ошто «Жылдын мыкты мугалими-2021» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды (сүрөт)

Бүгүн, 20-майда Ош шаарында «Жылдын мыкты мугалими-2021” сынагын жеңген жаш мугалимдерге батир жана унаа белекке берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош шаарындагы мектеп мугалимдеринин арасында «Жылдын мыкты мугалими-2021» кароо-сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланган.

Бул жолку сынак өзгөчө багытта уюштурулуп, мугалимдерге чыныгы мугалимдик кесип барктуу экендигине баа берүүчү сынак катары өткөрүлгөн. Ош шаарынын мэриясы тарабынан сынакты туура, калыс өткөрүү үчүн атайын мектепти жакындан билген, мугалимдин иш аракетин талдай ала турган кесипкөй адистерден калыстар тобу түзүлгөн. Сынакка коюлган батир, унаа жана башка баалуу белектер демөөрчүлөр жана шаардык мэрия тарабынан уюштурулган.

Сынакка жалпы 42 мугалим катышып, финалдык баскычка 7 мугалим чыккан.