Баткен жана Согди облусунун башчылары чек арадагы жолду оңдоп-түзөө иштери боюнча сүйлөштү

Баткен жана Согди облусунун башчылары чек арадагы жолду оңдоп-түзөө иштери боюнча сүйлөшүштү. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Тажикстандын жол оңдоочулары Кыргызстандын Баткен облусунун Лейлек району менен Тажикстандын Согди облусунун чек арасындагы Исфара-Худжанд жолунда оңдоп-түзөө (ямочный ремонт) иштерин жүргүзгөн. Бул боюнча өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода менен сүйлөшкөн.

«Сүйлөшүүдө Баткен облусунун башчысы аталган жол кыргыз-тажик чек арасында жайгашкандыгын, жолдун так ортосунан мамлекеттик чек ара сызыгы өткөндүгүн, жолдун сол тарабы Кыргызстанга, оң тарабы Тажикстанга таандык экенин, Кыргызстан жолдун сол тарабынын оңдоп-түзөө жумуштарын өзү жасай турганын жана биз тараптын оңдоо иштерин токтотууну билдирди. Учурда жолдун оңдоп-түзөө иштери токтоду.

Буга чейин аталган жолдун эки тарабын эки мамлекеттин чек арачылары жөө кайтарып келишкен. 1-майдагы Кыргызстан менен Тажикстандын УКМКнын башчыларынын эки тараптуу жолугушуусундагы макулдашууларга ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек ара кызматтары бул аймактан чек арачыларын алып кетишкен. Учурда бул аймакта ички иштер кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздап турат. Исфара-Худжанд жолунун боюнда Кыргызстандын Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка-1, Арка-2 айылдары жайгашкан», — деп айтылат маалыматта.