Баткен менен Кара-Суу округу боюнча шайлоо 28-апрелде өтөт. Жарлыкка кол коюлду

№2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, мөөнөтүнөн мурда шайлоо жекшембиге, 28-апрелге дайындалат. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурат. Министрлер кабинети БШКнын чыгымдарынын сметасына ылайык шайлоону өткөрүү үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды бөлөт.