Баткен облустук администрациясы Көк-Таш айылында үйлөр өрттөнгөнү тууралуу маалыматты төгүндөдү.
«Азыр администрациянын коргонуу бөлүмүнүн өкүлдөрү чатактын очогунда жүрүшөт. Алар үйлөр өрттөнгөнү тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын билдиришти», — деп белгилешти администрациядан. Берилген маалымат боюнча, жерине өрт өчүрүү кызматы, ӨКМ тартылган.
Буга чейин соцтармакта чек ара менен чектеш аймакта үйлөр өрттөнүп жатканы тартылган тасма тараган.