Баткен обладминистрациясы Көк-Ташта үйлөр өрттөнгөнүн төгүндөдү

Баткен облустук администрациясы Көк-Таш айылында үйлөр өрттөнгөнү тууралуу маалыматты төгүндөдү.

«Азыр администрациянын коргонуу бөлүмүнүн өкүлдөрү чатактын очогунда жүрүшөт. Алар үйлөр өрттөнгөнү тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын билдиришти», — деп белгилешти администрациядан. Берилген маалымат боюнча, жерине өрт өчүрүү кызматы, ӨКМ тартылган.

Буга чейин соцтармакта чек ара менен чектеш аймакта үйлөр өрттөнүп жатканы тартылган тасма тараган.