Баткен облустук администрациясынын алдында эл топтолуп турат (видео)

Бүгүн, 30-апрелде Баткен шаарындагы облустук администрациянын алдында эл топтолуп турат. Социалдык тармактарга жеринде тартылган видеолор тарап жатат.

Бул боюнча Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматы төмөнкүлөргө токтолду.

«Эки күндөн бери чек ара маселесин чечкиле деп облустук администрациянын алдында эл топтолуп турат. Бирок Өмүрбек Исакович күнү-түнү жумушта болуп жатат», — дешти алар.