Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары Аскарали Мухамадиев 47 жашында каза болду

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары милициянын подполковниги Аскарали Мухамадиев 47 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан маалымдашты.

Аскарали Мухамадиев 1974-жылы 20-апрель күнү Баткен районунун Достук айылында төрөлгөн. Ал милиция кызматына 26 жашында 2000-жылы кабыл алынып, эмгектенип келген. Эмнеден улам каза болгону тууралуу маалымат тактала элек.