Баткен: Облустук өкүлчүлүктүн кызматкерлери бир күндүк маянасын жабыркагандарга которот

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын кызматкерлери кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жабыр тарткандарга бир күндүк маянасын которуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, каражат Баткен облусунда орун алган окуяга байланыштуу ачылган эсепке которулуп, жабыркаган аймактарды калыбына келтирүү иштерине жумшалат.

Белгилей кетсек, облустук өкүлчүлүк жардам берүүнү каалагандар үчүн атайын банктык эсеп ачкан.