Баткен облустук ооруканасынын дарыгери Мастура Курбанова мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Баткен облустук ооруканасынын ара жана патология менен төрөлгөн балдар бөлүмүнүн башчысы, жогорку категориядагы неонатолог, дарыгер Мастура Курбанова мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Саламаттыктык сактоо министрлигинен маалымдашты.

Курбанова Мастура Нарзиевна 1964-жылы 9-мартта Тажикстандын Шахран айылында төрөлгөн. 1988-1989-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда 1 жылдык интернатурасын аяктап педиатрия адистигине ээ болгон. 2002-2003-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана адистикти жогорулатуу институтунда 1 жылдык клиникалык интернатурасын аяктап, үй-бүлөлүк дарыгер адистигин алган.

Ал өз эмгек жолун 1989-жылы Лейлек райондук борборлоштурулган ооруканасынын балдар консультация бөлүмүндө педиатр дарыгери болуп иштөө менен баштаган. Медицина тармагына 35 жылдык өмүрүн арнаган Мастура Курбанова облустун саламаттыкты сактоо тармагындагы реформаларга көңүл буруу менен мамлекеттик жана улуттук программаларды ишке ашырууда алгылыктуу кадамдарды жасаган. Коомдук иштерге активдүү катышуу менен, жогорку категориядагы неонатолог дарыгери катары жаңыдан иш баштаган кесиптештерине медицина тармагында тең келгис кеңешчи, өзүнүн эмгек жолунда билимин жана тажрыйбасын такай жаш неонатолог дарыгерин даярдоого жумшап, “Насаатчылык» иш-чараларын алгылыктуу алып барган. Мындан тышкары, ата-энелеринен ажыраган жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ар тараптуу колдоо көрсөтүп келген.