Баткен облусу менен Согди облусунун башчылары чек арада орун алган окуя боюнча сүйлөшүп жатышат

Бүгүн, 3-декабрь күнү президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода менен чек арадагы соңку учурда орун алган окуяларды талкуулашууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Сүйлөшүүлөр Лейлек районунун “Кулунду” чек ара постунда саат 11:00дө башталган. Ага эки тараптын тиешелүү жетекчилери жана облустук күч түзүмдөрүнүн башчылары катышып жатат. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатактарды алдын алуу, болтурбоо жана буга чейин чек аралаш аймактардагы соңку учурда орун алган окуялар жана аларды чечүү жолдору боюнча талкуланууда.