Баткен облусунан Өзбекстан менен Тажикстанга мунай зат мыйзамсыз ташылып кетип жатабы? УКМКнын жообу

Жогорку Кеңештин депутаты Бейшенаалы Нурдиновдун «Баткен аймагынан мунай заттары мыйзамсыз ташып кетилүүдө» делген билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жогорку Кеңешинин депутаты Бейшенаалы Нурдинов 9-мартта бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарына Баткен облусунан Өзбекстанга жана Тажикстанга мунай заттары мыйзамсыз ташылып кетип жаткандыгын билдирген эле. Бирок УКМК бул маалыматты четке кагып, чындыкка дал келбестигин билдирди.

“Өкмөттүн 2021-жылдын 1-мартындагы токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынын чегинен тышкары нефтини жана мунай заттарын экспорттоого убактылуу тыюу салуу киргизилген. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын УКМК чек ара кызматы менен биргеликте мунай заттарынын контрабандасына бөгөт коюу жана анын экспорттолушун көзөмөлдөө боюнча жигердүү иш алып барууда”,- деп айтылат маалыматта.