Баткенде эки бала бакча ачылып, пайдаланууга берилди (сүрөт)

Бүгүн, 29-майда Баткен районунун Рават айылында жана Лейлек районунун Катраң айылында 50 орундуу бала бакча салтанаттуу ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Салтанатка Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев баштаган жергиликтүү жетекчилер жана АРИС уюмунун аткаруучу директору Бекжан Супаналиев баш болгон аталган уюмдун өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышкан. Балдар бакчаларынын курулушу Кыргызстандын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) тарабынан Рават айылындагы бала бакча үчүн 14 миллион сом каржыланып, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн бюджетинен жана жергиликтүү коомчулуктан 1 миллион 48 миң 923 сом салым болгон. Ал эми Катраң айылындагы бала бакча үчүн АРИС уюму тарабынан 11 миллион сом каржыланып, айыл өкмөтү жана жергиликтүү коомчулуктан 1 миллион 797 миң 164 сом салым кошулган.