Баткен облусунда жаңы оорукананын курулушу башталды

Бүгүн, 22-мартта Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылында «Кулунду жалпы дарыгерлик-практика борборунун» жаңы имаратынын курулушу башталып, пайдубалын түптөө аземи болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чарага өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев катышып, оорукананын курулушуна капсула салды. Суваналиев аймак элин бул жакшы саамалык менен куттуктап, курулушту каржылоого алган «Ас-Сафа-Борбору» коомдук бирикмесине жана анын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле Суваналиев аталган бирикменин, облустун социалдык муктаждыктарын жеңилдетүүгө кошкон салымы өзгөчө баалоого арзыганын белгиледи.

“Кулунду жалпы дарыгерлик-практика борборунун” жалпы аянты 510 чарчы метр болгон эки кабаттуу жаңы имаратында хирургия бөлүмү, жандандыруу бөлүмү, дарыгерлер жана медайымдар бөлмөлөрү, ошондой эле бейтаптар үчүн палаталар болот.

Аталган имараттын жалпы сметалык баасы 28 миллион сомду түзөт. Курулуш иштери аяктагандан кийин бирикме тарабынан ооруканага керектүү медициналык шаймандар, заманбап жабдуулар да орнотулат. Курулушту 2021-жылдын октябрь айында аяктап, пайдаланууга берүү пландаштырылууда.