Баткен облусунда каза болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сомдон берилет

Президенттин 17-сентябрындагы жарлыгын аткаруу максатында Баткенде курман болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сом өлчөмүндө, жабыркаган жарандарга, ден соолугуна келтирилген зыяндын даражасына жараша соттук-медициналык экспертизанын корутундусу болсо 100дөн 200 миң сомго чейинки өлчөмдө бир жолку материалдык жардам көрсөтүү чечими кабыл алынган. Мындай чечим Министрлер кабинетинин токтому менен бекитилди.

Белгилей кетсек, бул токтом жарандарга, аскер кызматкерлерине, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлерине гана тиешелүү, материалдык жардам «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көрсөтүлөт.