Баткен облусунда учурда 213 мектеп салттуу режимде окуп жатат

Баткен облусунда учурда 213 мектеп салттуу режимде окуп жатат. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымат таратты.

«Эки жумалык мониторинг жүргүзүлгөндөн кийин 1-декабрда жалпы 213 мектеп иштеп баштады. Анда 42 856 бала билим алууда», — деп жазылат маалыматта.

Айта кетсек, 10-ноябрдан тарта аталган аймакта 173 билим берүү мекемеси ачылып, балдар мектепке барып окуп башташкан. Андан кийин мониторинг жүргүзүлүп дагы бир тобу салттуу режимге өткөн.