Чек ара жаңжалында 3 миллион сомдук товары бар дүкөнү өрттөлгөн жаран өкмөттөн компенсация ала албай жатканын айтты

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон окуядан жабыркаган адамдарга кенемте берилген эмес. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Лейлек районуна караштуу Арка айылынын тургуну Салин Маликов билдирди. Жабырлануучунун айтымында, мамлекет тарабынан буга чейин бир нече жолу убадалар берилип, бирок аткарылбай келе жатат.

“Менин үйүм тонолуп, жанындагы дүкөнүм өрттөлүп кеткен. 3 миллион сомго жакын чыгымга учурадым. Үй-бүлөбүз ошол дүкөндөн түшкөн каражат менен оокат кылчубуз жана бизнес үчүн алган кредитибизди төлөчүбүз. Азыр эми кредит эмес, өзүбүздү араң багып жаткан учурубуз”, — дейт жабырлануучу.

Буга чейин айрым банктар Баткен окуясында жабыркагандардын кредитин кечти деп билдиришкен. Салин Маликов кредит алган банкка кайрылганда андай жардам көрсөтүлбөй турганын билдиришкен.