Баткен облусундагы Самаркандек-Мадиген-Даркум унаа жолун куруу иши башталды

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында Баткен облусундагы Самаркандек-Мадиген–Даркум автожолун куруу иши башталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүнкү күндөн тарта Маргун айылынан Даркум айылына жолду профилдөө иши башталды, андан ары Самаркандек-Даркум жолу боюнча иш жүргүзүлөт. Самаркандек-Мадиген-Даркум унаа жолунун узундугу 44,1 чакырымды түзөт.

«2012-2017-жылдары бул унаа жолдо жол куруу иштери жүргүзүлүп, транспорт каражаттарынын жүрүүсү камсыздалган. Бирок жол куруу иштери толугу менен жыйынтыкталган эмес жана автожолдун көпчүлүк тилкеси оңдолушу керек.

Мындан тышкары, узундугу 10,1 чакырым эсептелген Кулунду-Максат-Арка (айрым жерлерде) унаа жолун асфальт бетон менен жабуу үчүн инерттик материалдарды даярдоо, жол битумун жана күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алуу боюнча даярдык иштери башталды», — деп айтылат маалыматта.