Баткен облусундагы УКМКнын аскер кызматкерлерине батирлер тапшырылды

Баткен облусу боюнча УКМКнын аскер кызматкерлерине кызматтык батирлердин ачкычын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

21-октябрда Баткен шаарында Баткен облусу боюнча УКМКнын аскер кызматкерлерине капиталдык оңдоодон өткөн 16 кызматтык батирлердин ачкычын тапшыруу аземи болуп өттү. Аталган иш-чарага Камчыбек Ташиев, Баткен облусттук УКМКнын башкы башкармалыгы жана өздүк курамы катышты.

Батирдин ачкычтарын тапшыруу учурунда УКМКнын төрагасы Ташиев мамлекет тарабынан алыскы тармактарда кызмат өтөгөн аскерлердин жашоо-тиричилик шарттары мындан ары да жакшыртылышы уланарын баса белгиледи.