Баткен облусунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
«Кечээ, 16-сентябрда Кыргызстан Тажикстан менен чектешкен аймактарда курал колдонуу менен катталган чыр-чатакка байланыштуу аймакты тынчтык абалга келтирүү, кагылышуунун очогундагы жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, эвакуациялоо көчүрүү иштерин жүргүзүү, адам өлүмүнө жеткирбөө жана тийиштүү күчтөрдү мобилизациялоо максатында, Баткен облусунун жарандык коргонуунун башчысы – президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин 16-сентябрындагы буйругунун негизинде Баткен облусунун аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Өзгөчө кырдаал жарыяланган аймак Баткен облусун камтыды», — деп айтылат маалыматта.