Баткен облусунун жетекчилиги эвакуацияланган тургундарды азырынча үйгө кайтпай турууну сурады

22-сентябрда саат 14:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу, аткылоо жок. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Маруфхан Туллаев билдирди.

Учурда урандылар тазаланып, чек ара аймактарын жарылбаган снаряддар, мина, ок-дарылардан жана башка жардыргыч заттардан аныктоо, тазалоо жана зыянсыздандыруу иштери жүрүп жатат.

Облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары эвакуацияланган тургундарды калыбына келтирүү иштери аяктаганга чейин үйлөрүнө кайтпоого, анын ичинде социалдык объектилерге барбоого чакырды.