Баткен облусунун башчысы чек ара жаңжалында жаракат алгандардан кабар алды

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев облустук ооруканада дарыланып жаткан, чек арадагы куралдуу жаңжалда жабыр тарткан жарандардан кабар алды. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Облус башчысы жабыркаган жарандардын тез арада сакайып кетишин каалап, алардын ден соолугун калыбына келтирүү үчүн, мамлекет тарабынан бардык колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.

Баткен облусу чек арада жайгашкан, стратегиялык аймак болгон үчүн, айрым учурларда аймакта орун алган түрдүү кырдаалдарда, жарандарыбыздын өмүрүн сактап калуу үчүн, дарыгерлер баатырларча күрөшүп келесиздер. Сиздерде эрдик жана эрктүүлүк деген улуу сапат бар. Биз баарыбыз сиздерге зор ишеним артабыз жана таазим этебиз. Элибиздин саламаттыгы, өлкөбүздүн башкы байлыгы. Татыктуу медициналык кызмат көрсөтүү, шарт түзүү, дарыгерлерге мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү, өлкөбүздүн артыкчылыктуу багыттарынын негизгиси”, — деди ал.