Баткен ОИИБ: «Кыргыз-тажик чек арасындагы окуя чыр-чатакка чейин жеткен эмес»

Кечээ, 17-апрель күнү кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатак чыкты деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Ак-Сай айыл аймагынын Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайда Баткен райондук суу чарба ишканасынын кызматкерлери тарабынан оңдоп-түзөө жумуштары жүрүп жаткан. Ошол учурда тажик чек арачылары келип, оңдоп-түзөө жумуштарын токтотууну талап кылышкан. Бирок бул окуя эки тараптын жаңжалы менен аяктаган эмес.

Аталган аймакка Баткен жана Исфара райондорунун жетекчилери баш болгон тийиштүү башчылар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.

Башкы суу бөлүштүрүүчү жайында коопсуздукту сактоо максатында Көк-Таш аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери жана Баткен облусунун №707 ички аскер бөлүгүнүн кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.

Учурда кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу.