Баткен ОИИБдин башчысы милиция кызматкерлерге жолугуп, тапшырма берди

Баткен ОИИБдин башчысы милициянын генерал-майору Мурат Боронов Кадамжай РИИБде “Бирдиктүү терезе” тартибинде мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборунун жаңы имаратын ачып, өздүк курам менен жолукту. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Кадамжай шаардык мэриясы тарабынан каржыланып курулган чакан, заманбап имарат 2 бөлмөдөн турат. Бир жагында Кадамжай РИИБдин ардагерлер кеңешинин төрагасы отурса, бир жагында элге жеңил шарт түзүү максатында Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жоопкерчилигине тартылып-тартылбагандыгы, соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымат берүү түрүндөгү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр ыкчам түрдө Баткен облусунун тургундарын акысыз тейлейт. Бул кызмат бир күндө 100дөн 130га чейинки жарандарды кабыл алат. Кадамжай районунда жалпысынан 205 миңден ашуун калк жашайт.

Башкармалыктын башчысы Мурат Боронов ачылуу аземинин кийин Кадамжай РИИБдин өздүк курамы менен жолукту. Жолугушууга Кадамжай РИИБдин, Нийматов атындагы Айдаркен айылдык милиция бөлүмчөсүнүн, Садиров атындагы Бүргөндү айылдык милиция бөлүмчөсүнүн, Исхак-Полотхан, Айрыбаз, Үч-Коргон айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчылары жана өздүк курамдары катышты.

Жолугушууда милиция кызматкерлеринин арасындагы ички тартип, мыйзамдуулуктун сакталышы, аткезчилик менен коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбеши тууралуу талаптар, тапшырмалар берилип, жарандар менен иш алып барууда сылык-сыпаа болуу, жарандардын кыймыл-аракеттерине мыйзам чегинде калыс кароо жагы эскертилди.