Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча «Комфорт Хаус» курулуш компаниясынын директору Бактыяр Калпаев талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
«28-апрелде ѳтѳ турган Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерликке кѳрсѳтүү (ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде) ниети жѳнүндѳ талапкер Калпаев Бактыяр Алиевичтен арыз түштү», — деп айтылат маалыматта.
№2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 26-мартта аяктайт.
№2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерликке кѳрсѳтүү жѳнүндѳ ниетин билдирген талапкерлердин тизмеси
№ | Талапкердин ФАА | Туулган датасы | Ишинин түрү | Көрсөтүү тиби | Арыз тапшыруу датасы |
1 | Бегматов Алимберди Пайзиллаевич | 30.04.1983 | КР чек ара коомунун жетекчиси | Өзүн өзү көрсөтүү | 06.03.2024 16:48 |
2 | Салихов Кенеш Каримович | 04.11.1961 | “Геопарк Мадыген” КФ директору | Өзүн өзү көрсөтүү | 11.03.2024 10:30 |
3 | Калпаев Бактыяр Алиевич | 09.07.1993 | “Комфорт Хаус” ЖЧК директору | Өзүн өзү көрсөтүү | 11.03.2024 12:44 |