Баткен округу боюнча шайлоо. Бактыяр Калпаев талапкерлигин көрсөттү

Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча «Комфорт Хаус» курулуш компаниясынын директору Бактыяр Калпаев талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

«28-апрелде ѳтѳ турган Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерликке кѳрсѳтүү (ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде) ниети жѳнүндѳ талапкер Калпаев Бактыяр Алиевичтен арыз түштү», — деп айтылат маалыматта.

№2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 26-мартта аяктайт.

№2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерликке кѳрсѳтүү жѳнүндѳ ниетин билдирген талапкерлердин тизмеси

Талапкердин ФАА Туулган датасы Ишинин түрү Көрсөтүү тиби Арыз тапшыруу датасы
1 Бегматов Алимберди Пайзиллаевич 30.04.1983 КР чек ара коомунун жетекчиси Өзүн өзү көрсөтүү 06.03.2024 16:48
2 Салихов Кенеш Каримович 04.11.1961 “Геопарк Мадыген” КФ директору Өзүн өзү көрсөтүү 11.03.2024 10:30
3 Калпаев Бактыяр Алиевич 09.07.1993 “Комфорт Хаус” ЖЧК директору Өзүн өзү көрсөтүү 11.03.2024 12:44