Баткен округу: БШК шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, Бактияр Калпаевди депутат деп тааныды

3-майда Борбордук шайлоо комиссиясы 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжасын аныктады.

Добуш берүүнү уюштуруу үчүн 81 шайлоо участогу түзүлгөн. Шайлоочулардын тизмесине 112 миң 379 шайлоочу киргизилген2 Баткен шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан 10 талапкер катталган. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 10 талапкер катышты.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда 8 арыз жана даттануу түшкөн. Бардык келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралды жана алар боюнча чечим кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазуу жүзүндөгү жооптор берилди.

Баткен округдук шайлоо комиссиясынын 1-майдагы №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык, 28-апрелде 28 миң 508 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул округ боюнча шайлоочулардын тизмесине киргендердин 25,30% түздү.

Талапкерлер шайлоочулардлын төмөнкүдөй добуштарды алышты:

1. Салихов Кеңеш Каримович — 3698 добуш (12,9 %);

2. Мадалиев Асылбек Алтымышович — 3658 добуш (12,8 %);

3. Кожонов Замирбек Ырысбаевич — 3614 добуш(12,6 %);

4. Ойтемиров Махмуд Гиесович — 1848 добуш(6,4 %);

5. Раимкулов Аширбай Омурзакович — 869 гдобуш (3,0 %);

6. Нишанбаев Тургунбай — 377 добуш (1,3 %);

7. Калпаев Бактыяр Алиевич — 11830 добуш(41,4 %);

8. Каработоев Джалил Исакович — 1180 добуш (4,1 %);

9. Сатаров Акимали Сатыбалдыевич — 725 добуш (2,5 %);

10. Шадыманов Бакытбек Адылбекович — 398 добуш (1,4 %);

11. “Баарына каршы” позициясы үчүн 110 шайлоочу добуш беришти (0,4 %).