Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 12-октябрда Баткен шаарында ипотекалык үйлөрдүн пайдубалына мезгил кутусун салды.
Саамалыкка жергиликтүү жетекчилер, шаар тургундары да катышты. Шаардын Курманжан Датка жана Алымбек Датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңы «Асман резиденс №1» турак жай комплексинде 3, 2 жана 1 бөлмөлүү 12 кабаттан турган 37 блок үйдүн курулушу пландалган. Батирлердин жалпы саны 2364. Турак жай комплекси курулуп жаткан жердин жалпы аянты 7 гектар. Долбоор боюнча көп кабаттуу үйлөр спорт жана балдар аянтчалары, жер алдындагы унаа токтоочу жайлары, коомдук тамактануучу жайлар жана соода борбору камтылган.