Баткен: Тажикстан менен тактала элек чек арадагы курулуштар боюнча атайын комиссия түзүлөт

Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусундагы чектеш тактала элек жер тилкелериндеги курулуштар боюнча эки тараптуу комиссия түзүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, бирдиктүү эки тараптуу чечим кабыл алынмайын аталган тактала элек аймактардагы курулуштарды эки тарап тең пайдаланбайт. Ага ылайык, эки өлкөнүн чек ара тилкесине 500 метр жакын жерде курулуш жүргүзбөө тууралуу келишим бар.

Белгилей кетсек, Баткен облусунун Баткен районуна краштуу Ак-Сай айылында мындан бир нече күн мурун жергиликтүүлөр чогулуп, бийликтен чек ара маселесине байланыштуу кабыл алынган чечимдер тууралуу маалымат берүүнү талап кылышкан. Алардын мынтип талап коюп, митингге чыгышына аталган айылдын күн чыгыш тарабындагы жайыт жерлерди тажик чек арачылары кайтарууга алгандыгы себеп болгон. Анда жергиликтүүлөр өз аймактарына кирип чыга албай жатышкандарын айтышкан болчу.