Баткенде 10 жетим балага жер тилкелери берилди

Баткенде 10 жетим балага жер тилкелери берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен облустук прокуратурасы тарабынан жетим балдардын укуктарын коргоого багытталган мыйзам талаптарынын аткарылышы боюнча Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына сунуш келтирилген.

Сунушту кароонун жыйынтыгы менен, Баткен районуна караштуу Самаркандек айыл өкмөтү тарабынан 3 балага, Суу-Башы айыл өкмөтү тарабынан 2 балага жана Ак-Татыр айыл өкмөтү тарабынан 5 балага, жалпы 10 жетим балага турак жай куруу үчүн жер тилкелери ажыратылып, прокурордук сунуштун негизинде “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалы тарабынан укук күбөлөндүрүүчү документтер акысыз жасалып берилген.