Баткенде 19, Бишкекте 25. Акылбек Жапаров пияздын түшүмүн жыйнап жаткан дыйкандарга жолукту

Соцтармакта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунда жүргөн иш сапарында пияздын түшүмүн жыйнап жаткан Кулунду айылындагы дыйкандарга жолуккан видеосу тарады.

Видеодо көрсөтүлгөн дыйкандардын айтымында, түшүм жакшы экенин, бирок баасы арзан болуп жатканын айтышкан. «Баткенде 19 сом, Бишкекте 25 сом болуп жатат» дешти алар.