Баткенде 2 тоннага жакын кара куурай өрттөлдү (сүрөт)

Учурда Баткен облусунун аймагында «Мак-2021» иш-чарасынын биринчи этабы жүрүп жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу максатында жер-жерлердеги милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен иштөө тобун түзүп, иш алып барууда. «Кара куурай өскөн жалпы 4 гектар жер аянты орулуп, жалпысынан 2 тоннага жакын жапайы өскөн кара куурай жок кылынган», — деп айтылат маалыматта.