Баткенде эки жигит жайлоого кеткен боюнча дайынсыз болуп жатышкан. Таң эрте туугандары табышкан

иллюстрация

15-август күнү Пүлгөн айылында Анкур жайлоосуна 2000-жылы туулган 2 эркек бала мал айдап келүү үчүн үйүнөн чыгып, кайра кайтып барышкан эмес. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-август жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМден 7 куткаруучу тартылып, саат 06:50дө туугандары тарабынан аман-эсен табылган.