Баткенде 25 түгөй бир убакта баш кошту

Бүгүн, 14-августта Баткен шаарында “Мамлекет өзөгү — үй-бүлө” аталышындагы массалык үйлөнүү аземи өттү. Иш-чарада 25 түгөйгө нике кыйылып, дин кызматкерлери жаш жубайларга ак батасын беришти. Ошондой эле аларга нике шакектери жана нике күбөлүктөрү тапшырылды. Бул тууралуу «Баткен таңы» гезити жазды.
Майрамдык салтанат президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, жергиликтүү бийлик органдары жана “Бүткүл Дүйнөлүк Мусулман Жаштар Ассамблеясы” коомдук бирикмесинин биргелешкен уюштуруусу менен өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты — үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө, жаштарга келечекте дем берүү, коомчулукту бир максатка бириктирүү, кайрымдуулук маданиятын жайылтуу жана социалдык колдоо көрсөтүү. Нике аземинин расмий бөлүгү шаардагы кафелердин биринде улантылып, коноктор жаш түгөйлөргө белек-бечкектер тартуулашты. Бул иш-чара чет өлкөлүк демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ишке ашырылды.