Баткенде 3 жасалма мөңгү тоңдурулду

Баткен облусунда 3 жасалма мөңгү тоңдурулду. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

«Мөңгү тоңдуруу иштери жергиликтүү бийлик, жайыт комитеттеринин жана бейөкмөт уюмдардын климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган долбоорлордун алкагында жүзөгө ашырылууда», — деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, мөңгүлөрдүн бири Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында, калган экөө Баткен районунун Кайыңды, Газ айылдарынын жайлоосунда жайгашкан. Буга чейин Кадамжайда да пилоттук негизде тоңдурулган.