Баткенде 8 жыл мурда үйүнөн чыгып кеткен жаран ушуга чейин дайынсыз болуп жатат

Кадамжай милициясы 8 жыл мурда жоголгон кишини издөөдө коомчулуктан жардам сурады. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Кадамжай районунун Жеңиш (мурдагы Халмион) айылынын 1956-жылы туулган тургуну Орозбай Сапаров 2016-жылдын июнь айында өзү жашаган үйүнөн чыгып кетип, кайрылып барган эмес. Бул факты Кадамжай РИИБге катталып, 2016-жылы издөө иштери ачылган.

Өзгөчө белгилери: оң кашынын үстү жагында 1-1,5 сантиметр өлчөмүндө тырыгы бар.

Жогорудагылардын негизинде, дайынсыз жоголгон 68 жаштагы жарандынжүргөн жерин аныктоо максатында, коомчулукка кабарлап, эгерде аталган факты боюнча кандайдыр бир маалымат болсо, төмөндөгү телефондорго билдирип коюуӊуздарды суранабыз.

Байланыш номурлар: 102, 03655 5-02-29, 0701026968