Баткенде айлык ала албай жатканын айткан куруучулар боюнча Дайырбек Орунбеков үн катты

Буга чейин Баткен облусунда талкаланган үйлөрдү калыбына келтирип жаткан ишкерлер менен курулушчулар Жогорку Кеңешке келип, президент Садыр Жапаровду кабыл алууну суранышкан. Алардын айтымында, жети айдан бери айлык ала албай келишет. Субподрядчик “Алмалуу Доор Курулуш” ишканасынын 300 кызматкерине болгон карызынын суммасы 30 миллион сомго жакын.

Бул боюнча президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков үн катты.

«Баткендеги турак-жайлардын курулушун 33 субподрядчы компания бөлүп алган. Алардын ичинен “Алмалуу Доор курулуш” фирмасы алган үйлөр мөөнөтүнөн кечигүүдө. Кечээ аталган фирманын жумушчулары президент Садыр Жапаровго кайрылып, эмгек акыларын ала албай жатканын айтышкан.

Баткендеги үйлөрдүн курулушуна мамлекет акча-каражатын өз убагында эле куруучу компанияларга бөлүп берген. Субподрядчы 33 компаниянын ичинде, азыр сөз болуп, курулушу кечигип жаткан “Алмалуу Доор курулуш” компаниясы дагы кирген. Мөөнөтүнүн кечигип жаткан себеби, компания менен жумушчуларынын ортосунда түшүнбөстүк жаралган. Жетекчиси жол кырсыкка учурап, ага байланыштуу жумушчулар менен байланышка чыкпай калганын айткан. Ал учурда жумушчулар “бизди алдап кетти, эми эмгек акыбызды төлөбөй коюшу мүмкүн” деп шектенип, үйлөрдүн курулушун токтотуп салышкан.

Ошондон кийин, “Алмалуу Доор курулуш” менен жумушчулардын ортосунда келишпестик жаралып, “акчабызды алдын-ала төлөп бер, болбосо жумушту улантпайбыз” деген талап коюшат. Компаниянын жетекчиси келишимде көрсөтүлгөн жалпы сумманын 10 пайыздык бөлүгүн курулуш жумушу толук бүтүп, объектилерди өткөрүп алгандан кийин төлөп берем дейт. Натыйжада, субподрядчы “Алмалуу Доор курулуш” компаниясы жана жумушчуларынын түшүнбөстүгүнүн кесепетинен, курулушу иши кечигип келген. Калган 32 компания алган милдеттемелерин аткарып, үйлөрдү өз убагында ээлерине тапшырган.

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев “Алмалуу Доор курулуш” субподрядчы компаниясынын жетекчисин жана президентке кайрылуу кылган жумушчу топтун өкүлү Өмүрбек Жусупбек уулун чакырып, эки тараптын бир пикирге келтирди. Чечилбей жаткан маселесине чекит коюлуп, алар кайра Баткенге барып, 15 күн ичинде курулушту толук аягына чыгарабыз деп убада кылышты», — дешти.