14-17-сентябрда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылыштан кийинки ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө УКМКнын Чек ара кызматынын бронежилет кийген аскер кызматкеринин денесинин калдыктары табылды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
«Тилекке каршы, дене сыртынын 90 пайызынан ашыгы жабыркагандыктан анын аты-жөнүн дароо аныктоо мүмкүн болбоду. Жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертиза табылган дене дайынсыз жоголгон лейтенант Дастан Анарбековго таандык болушу мүмкүндүгүн аныктады. Дастан Анарбековдун туугандары соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен макул болбогондугуна байланыштуу тиешелүү иликтөө органдары тарабынан каза тапкан адамды аныктоо жана анын туугандары менен туугандык байланышы бар экендигин аныктоо максатында генетикалык-экспертиза — ДНК-тест өткөрүүгө Казакстандагы лабораторияга керектүү материалдар жөнөтүүгө даярдалды. ДНК-тесттин жыйынтыгы каза тапкан аскер кызматкердин ата-энесине жана жакын туугандарына маалымдалат. Ошону менен бирге генетикалык экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин лейтенант Дастан Анарбековду издөө иш-аракети УКМКын күчү менен улантылаарын маалымдайбыз», — дешти.
- Талас облусунун кулуну, Баткенде кызмат өтөп жүргөн Дастан Анарбеков учурда дайынсыз болууда. «15-сентябрь күнү кечинде Дастанды каза болду, сөөгүн алып кеткиле деп бизге кабарлашкан. Бирок сөөк башка баланыкы экен. Ошондон бери тирүү же өлүгүн биле албай жүрөгүбүз ордунда эмес. Инимди тиешелүү органдар издеп жатабыз деп жатышат, бирок азырга чейин маалымат жок», — дейт эжеси. Белгилей кетсек, Дастандын сүрөтү каза болгон жоокерлердин арасына кошулуп коомчулукка жарыяланып кеткен. Жакындары дагы деле инисинин дайынын таппай жатканын айтышат.