Баткенде аскер кызматкеринин денесинин калдыктары табылды. Ал Дастан Анарбеков болушу мүмкүн

14-17-сентябрда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылыштан кийинки ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө УКМКнын Чек ара кызматынын бронежилет кийген аскер кызматкеринин денесинин калдыктары табылды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

«Тилекке каршы, дене сыртынын 90 пайызынан ашыгы жабыркагандыктан анын аты-жөнүн дароо аныктоо мүмкүн болбоду. Жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертиза табылган дене дайынсыз жоголгон лейтенант Дастан Анарбековго таандык болушу мүмкүндүгүн аныктады. Дастан Анарбековдун туугандары соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен макул болбогондугуна байланыштуу тиешелүү иликтөө органдары тарабынан каза тапкан адамды аныктоо жана анын туугандары менен туугандык байланышы бар экендигин аныктоо максатында генетикалык-экспертиза — ДНК-тест өткөрүүгө Казакстандагы лабораторияга керектүү материалдар жөнөтүүгө даярдалды. ДНК-тесттин жыйынтыгы каза тапкан аскер кызматкердин ата-энесине жана жакын туугандарына маалымдалат. Ошону менен бирге генетикалык экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин лейтенант Дастан Анарбековду издөө иш-аракети УКМКын күчү менен улантылаарын маалымдайбыз», — дешти.