Баткенде аткезчилик жол менен күйүүчү май ташылып жатабы? Расмий жооп

Баткен районунун Самаркандек айылынын тургундары жүк ташуучу унаалардын кербенин видеого тартып алышкан. Тактап айтканда, 8 унаа Жаңы-Бак тилкесинин аймагында бара жаткан. Айыл тургундары бул күйүүчү-майлоочу майды аткезчилик жол менен ташуу болушу мүмкүн деп болжолдошкон. 

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн бул окуя тууралуу комментарий беришти. Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, Самаркандек айыл аймагы аркылуу күйүүчү май аткезчилик жол менен бара жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. «Тийиштүү органдар тарабынан такталган маалыматтар боюнча аталган видео «Кыргызнефтегаз» ишканасынын Кочкор-Атадагы филиалына тиешелүү унаалар, Лейлек районунун Арка айылындагы нефти базадан сырьену алып кетип жаткандыгы аныкталды. Жалпысынан аталган мекемеге тиешелүү 19 оор жүк ташуучу унаа келип, 13-декабрь күнү 8 унаа сырье алып кайткан. Учурда дагы 11 унаа сырьену Кочкор-Ата шаарындагы «Кыргызнефтегаз» ишканасына алып чыгышат. Азыркы учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы расмий түрдө жабык. Эскерте кетсек, өкмөттүн 2021-жылдын 1-мартындагы токтомуна ылайык, мунайды жана мунай продуктуларын ЕАЭБ аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салынган. Ал эми чек арадагы тактала элек аймактар атайын тиешелүү органдар, чек ара кызматы, аткезчилике каршы мобилдүү топтор, элдик кошуундар тарабынан аткезчиликке жол бербөө максатында бүгүнкү күндө тыкыр көзөмөлдө», — деп айтылат маалыматта.