Баткенде чек арачылардын ортосунда атышуу болгону айтылууда

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында атышуу болду. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, окуя бүгүн саат 10:30дар чамасында Баткен районунун Кум-Мазар аймагында катталган. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чек ара кызматынан окуя боюнча маалымат дардалып жатканын билдиришти.