Баткенде чек арада каза болгондор эскерилди

Кечээ, 16-сентябрда Баткен шаарында 2021-жылдын апрелиндеги жана 2022-жылдын сентябрындагы чек ара окуяларынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө чек арадагы куралдуу жаңжалда курман болгон жарандардын элесине арналып тургузулган эстелик мемориалына гүл чамбарлар коюлуп, куран окулду. Эскерүү иш-чарасына президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган жетекчилер жана чек ара окуяларында курман болгон жарандардын жакындары катышты.