Баткенде чек арага топтолгондор жоголгон балдарды табууну талап кылууда

Лейлек районунун Тажикстан менен чектешкен Бешкент айылындагы чек арада 110дон ашык кыргызстандык жаран топтолуп турат. Бул тууралуу райондогу Эски-Овчу айылынын башчысы Асан Полотовго таянып, «Азаттык» жазды.

Анын айтымында, аким жана Чек ара кызматынын өкүлдөрү окуя болгон жерге барып, тажик тарап менен жолугушууну күтүп жатышат. Ал эми чогулган эл дайыны билинбей жаткан жергиликтүү эки жаранды табууну, буга түшүндүрмө берүүнү талап кылышууда.

Бешкент айылында эки жигит 24-апрелге караган түнү курулуш жүргүзүп жаткан жерден дайынсыз жоголгон. Алардын биринин энеси окуя болгон жерден тартылган видеону интернетке таратып, элден, бийликтен жардам сурады. Жакындары коңшу мамлекеттин жарандары жигиттерди курулушту токтотуу үчүн уурдап кетти деп божомолдошууда. Лейлек районунун акими Бекмурат Баймуратов азырынча кандайдыр бир жыйынтык чыгарууга эрте экенин, окуяны иликтеп анан так маалымат берилерин айтты.

Чек ара кызматы курамына кирген УКМК Кыргызстан менен Тажикстандын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сүйлөшүп, дайынсыз кеткендерди издөө иштери жүрүп жатканын, аймакта абал туруктуу экенин кабарлады.

Тажик тараптан азырынча расмий комментарий боло элек.