Баткенде чиновниктердин унаасына Тажикстандын жарандары таш ыргытышты

Кечээ, 29-июлда саат 20:15 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын кыргыз-тажик чек арасына чектешкен аймагында Баткен облусундагы курулуштарды калыбына келтирүү боюнча өкүлү, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Маруфхан Туллаев, Ак-Сай айыл аймагынын башчысы Алимбек Сабировдор отурган унаага Тажикстандын 15-20 чакты жергиликтүү тургундары эч бир себепсиз таш ыргытышкан. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен ОИИБден билдиришти.

Натыйжада Алимбек Сабировго таандык Хонда СРВ үлгүсүндөгү унаанын арткы айнеги толугу менен талкаланып, оң капталындагы айнегине жарака кеткен.

Аталган жагдай Баткен РИИБге Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ошол эле күнү орун алган окуя боюнча Баткен районунун Орто-Боз айылынын Жака-Өрүк участкасында (Төрт-Көчө) Баткен ОИИБдин жетекчилиги менен Тажикстандын Исфара-2 РИИБинин жетекчилиги жолугуп, келтирилген чыгымдарды таджик тарап төлөп берилүүсү жана тажик жарандарын жоопко тартылуусу белгиленген. Аталган чек арага жакын аймактарда Баткен милиция кызматкерлери тарабынан элдин коопсуздугун сактоо максатында алдын алуу, түшүндүрүү иштери алып барылууда.