Баткенде чиновниктин аракетинен жабыркаганын айткан журналисттин ишин Акыйкатчы институту көзөмөлгө алды

6-февралда Акыйкатчы аппаратынын Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Баткен облустук биргелешкен ооруканасына барып, ал жерде блогер жана көз карандысыз журналист Батмакан Жолдубаевага жолукту. Бул тууралуу аталган аппараттан билдиришти.

Жолдубаева Жогорку Кеңештин “Ишеним” жана “Ынтымак” фракцияларынын көчмө жыйынына катышуу үчүн Раззаков шаарына барганын, ал жерде түз эфир уюштуруп жаткан учурда президенттин Баткен облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Алихан Ураимов журналисттин телефонун тартып алып, ага кол көтөргөнүн маалымдаган. Ал Акыйкатчынын өкүлүнө жазуу жүзүндө арыз менен кайрылган. 7-февраль күнү бул арыз боюнча президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнө, Баткен облусунун прокуроруна, Баткен облустук ички иштер бөлүмүнүн башчысына жана Баткен облустук ооруканасынын директорунун наамына тиешелүү кайрылуулар жолдонду. Жолдубаеванын иши Акыйкатчы институтунун көзөмөлүндө.

5-февралда Жогорку Кеңештин “Ишеним” жана “Ынтымак” фракциялары Раззаков шаарында көчмө жыйын өткөрүшкөн. Ал жакка блогер, көз карандысыз журналист Батмакан Жолдубаеваны киргизбей коюшкан. Ал президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн бөлүм башчысы уруп, телефонун тартып алганын айткан. Ал эми экинчи тарап муну провакация деп атады.