Баткенде дааратканага түшүп кеткен 5 жаштагы бала куткарылды (видео)

4-сентябрда саат 18:14 чамасында Айдаркен шаарынын Металлург көчөсүндө жайгашкан үйдө 5 жаштагы бала ажатканага түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерине Кадамжай райондук №77 ӨКБдан жеке унаасы менен капитандын башчылыгында 3 куткаруучу тартылган. Ыкчам түрдө куткаруучулар тарабынан куткаруу иштерин жүргүзүү чаралары көрүлүп, бөлүктүн кароол башчысы ажатканага түшүп, наристени аман-эсен куткарып чыкты. Ошол замат дарыгерлер тарабынан ден соолугуна көзөмөл жүргүзүлүп, учурда баланын абалы туруктуу.