Баткенде электр чубалгыларын оңдоп-түзөө иштери башталды. Электриктерди милиция кызматкерлери кайтарууда

Баткенде электр чубалгыларын оңдоп-түзөө иштери башталды. «Ош электр» ишканасынын кызматкерлери ал жакта оперативдүү түрдө иштеп жатышат. Жакын арада ар бир үйгө электр энергиясы кошулат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен маалымдашты.

Баткен облустук милициясынан кабарлашкандай, эки өлкөнүн энергетиктери Көк-Терек жана Көк-Таш тилкесинде электр энергиясын өткөрүү линияларын калыбына келтирүү менен алектенип жатышат. Жергиликтүү милиция кызматкерлери эки тараптын оңдоо бригадаларынын коопсуздугун камсыз кылышууда.

Кечээ, 27-январда Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Боз, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук, Көк-Терек айылдары электр энергиясыз калган. Жарыктын өчүшүнө тажик тараптан ок атылганы себеп болгон.