Баткенде чек арадагы чырдан улам электр энергиясыз калган айылдарга жарык берилди

Баткенде бардык электр чубалгылар калыбына келтирилди жана айыл тургундардын үйүнө жарык берилди. Орто-Боз көмөк чордону ишке киргенин Энергетика министрлигинен кабарлашты.

Кечээ, 27-январда Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Боз, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук, Көк-Терек айылдары электр энергиясыз калган. Жарыктын өчүшүнө тажик тараптан ок атылганы себеп болгон. Буга чейин оңдоп-түзөө иштери башталганы жана жергиликтүү милиция кызматкерлери оңдоо бригадаларынын коопсуздугун камсыздап жатышканы маалымдалган.