Баткен облусунда Коргоо министрлигинин “Илбирс” атайын багыттагы аскер кызматкери өзүн көкүрөк тушуна атып алды. Бул тууралуу Kaktus.media сайты укук коргоо органдарына таянып жазды.
Маалыматка караганда, кечээ, 4-октябрда «Илбирс» атайын бөлүгүнүн сержанты белгисиз себептерден улам өзүн көкүрөгүнө атып алган. «Аскер кызматкери ооруканага жаткырылды. Анын өмүрүнө эч нерсе коркунуч туудурбайт», — деп билдиришкен өздүк булактар.
Айрым маалыматтарга караганда, ок кокусунан атылып кеткен.