Баткенде Исхак Раззаковдун эстелигин ачуу аземи өттү

Кечээ, 29-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунун Раззаков шаарынын борбордук аянтында мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Исхак Раззаковдун эстелигин ачуу аземине катышты.

Министрлер кабинетинин башчысы Исхак Раззаков экономика, мамлекеттик пландоо, агартуу тармагында иштеп, советтик жетекчи катары өзбек элине кызмат кылганын белгиледи. «Биздин Өзбекстан менен жакшы мамилебиз бар, туризм өнүгүүдө. Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесси аяктап жатат», — деди ал.

Министрлер кабинетинин башчысы Исхак Раззаковдун “Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот” деген сөзүн келтирип, мамлекеттик органдардын жетекчилерин элдин кызыкчылыгы үчүн таза иштөөгө чакырды.