Баткенде изделип жаткан майыптыгы бар аялдын сөөгү табылды

27-февраль күнү 29 жаштагы Р. кызы Н. аттуу майыптыгы бар аялды издөөгө бүгүн, 2-мартта ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын Баткен район-шаардык бөлүмдөрүнөн жалпы 31 куткаруучу издөө-куткаруу иштерине тартылган. Натыйжада аталган жарандын сөөгү саат 16:12де Рават айылындагы тоо боорунан табылып, жакындарына өткөрүп берилди.
Алгач жогоруда аты аталган аялдын жоголгондугу тууралуу маалымат 102 кызматына түшкөн. Аталган жаран Баткен районунун Ак-Татыр айылына баратып, аталган айылдан ары жайгашкан Рават айылында түшүп калган. Ички иштер бөлүмү тарабынан издөө иштери 3 күн бою жүргүзүлүп, кошумча күч катары ӨКМден жардам сурап кайрылышкан.
Буга байланыштуу Баткен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №106 жана №31 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 23 куткаруучу, Баткен шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №26 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 8, жалпы 31 куткаруучу тартылып, алар Баткен районунун Рават, Ак-Татыр айылдарынын аралыгында, Баткен-Раззаков автоунаа жолунун эки тарабында жумуш алып барышкан.